Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:36

Рио-2016: Айаал Лазарев польшалык балбанга утулуп калды


Айаал Лазарев
Айаал Лазарев

Рио-де-Жанейродо өтүп жаткан отуз биринчи жайкы Олимп оюндарында бүгүн кыргызстандык эркин күрөш боюнча балбан Айаал Лазаревге 1/8 финалдагы беттешке чыгып, Европанын вице-чемпиону, польшалык Роберт Барандон утулуп калды. Лазарев 125 килограммга чейинки салмактагылар арасында күч сынашкан.

Биринчи үч мүнөттө Лазарев 1:0 менен утуп жатса, экинчи бөлүктө польшалык балбан артыкчылыгын көрсөтүп, эсепти 1:5ке жеткире алды.

Поляк балбаны чейрек финалда АКШ балбанына утулганына байланыштуу Лазарев байге алуу мүмкүнчүлүгүнөн биротоло кол жууду. Эгер Баран финалга чыкса, кыргыз балбанына коло байге үчүн күрөшүүгө жол ачкан жооткотуучу таймашка чыгууга шарт түзүлмөк.

Кыргызстандан Олимп оюндарына 19 спортчу барган. Алардын он алтысы мелдештерин аяктады.

10-августта оор атлетчи Иззат Артыков коло медаль тагынып, Кыргызстандын эсебине жалгыз байге алып кайткан эле. 18-августта Эл аралык спорттук арбитраж соту Артыковдун кызытма колдонгону аныкталды деген жүйө менен анын жеңишин жокко чыгарып, медалын кайра кайтаруу чечимин жарыялады. Иззат Артыков допинг колдонгон деген айыпты четке кагууда.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик бул окуяга байланыштуу комиссия түздү. Кыргызстандын Оор атлетика федерациясы Эл аралык спорт арбитражынын чечими боюнча апелляциялык арыз жолдой турган болууда. Ошондой эле Эл аралык кызытмага каршы агенттигине тиешелүү анализдерди кайрадан тапшырууну өтүнгөн кат жиберет.

Рио-де-Жанейродогу Олимп оюндары 21-августта соңуна чыгат.

XS
SM
MD
LG