Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:20

Түркияда жарылуудан кеминде 30 адам курман болду


Жардыруудан кийин. Бул шаар Сирия менен чек арадан 60 чакырым алыстыкта түндүктө жайгашып, негизинен күрттөр жашайт.
Жардыруудан кийин. Бул шаар Сирия менен чек арадан 60 чакырым алыстыкта түндүктө жайгашып, негизинен күрттөр жашайт.

Түркиянын Газиантеп шаарында 21-августка караган түнү болгон жардыруудан кеминде отуз адам каза тапты, 90дон ашууну жаракат алды. Бийликтин маалыматы боюнча, үйлөнүү тоюнун катышуучулары шаардын көчөсүнө чыккандан кийин жанкечти өзүн жардырган. Газиантеп провинциясынын губернатору терактты айыптады.

Бул шаар Сирия менен чек арадан 60 чакырым алыстыкта түндүктө жайгашып, негизинен күрттөр жашайт. Би-би-си кабарлагандай, Сириянын түндүгүндө азыр күрт куралдуу түзүлүштөрү менен "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун согушу уланууда.

XS
SM
MD
LG