Линктер

бейшемби, 29-июнь, 2017 Бишкек убактысы 03:13

ИИМ: Эгемендүүлүк майрамына карата Бишкекте автоунаалар үчүн чектөө киргизилет


Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата 30-31-август күндөрү борбор калаанын бир катар көчөлөрүндө автоунаалардын жүрүүсүнө чектөө киргизилет. 30-августта Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан жана Казакстан футбол беттешине байланыштуу стадионго жакын көчөлөр жабылмакчы.

Ал эми 31-августта Бишкекте бир катар майрамдык салтанаттар, иш-чаралар жана парад белгиленгендиктен Чүй, Тоголок Молдо, Токтоболот Абдымомунов, Эркиндик, Касым Тыныстанов, Киев көчөлөрү жабык болот.

ИИМден маалымдагандай, бул күнү “Ак-Кула” ат майданында да ат оюндары өтөт. Ага байланыштуу ипподромдун жанындагы ири көчөлөр убактылуу жабылат. (SDz)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG