Ооганстандык демонстранттар Пакистандын туусун өрттөшүнө байланыштуу ооган-пакистан чек арасындагы Чэмман өткөрмө бекети өткөн жумада жабылды. Пакистан бийлигинин маалымдоосу боюнча, 19-августта эгемендик күнүн майрамдаган ооган жаштары чек арадагы дарбазаны бузуп, Пакистан байрактарын өрттөгөндөн чек ара жабылган.
Андан кийин эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрү жолугуп, сүйлөшүүдө маселени чече алышкан эмес. 22-августка карай Чэмман өткөрмө бекетинде көптөгөн жүк ташуучу автоунаалар топтолуп турганы кабарланды. Белужистан провинциясында жайгашкан бул өткөрмө бекет эки өлкөнүн ортосундагы негизги эки өткөрмө пункттарынын бири. Пакистан жана Ооганстан ортосундагы бул пикир келишпестик Дюрранд сызыгы тууралуу маселени көтөрөт. Эки өлкөнүн чек арасын аныктаган ал сызыкты Пакистан мамлекеттик чек ара деп тааныса, Ооганстан тааныбай келатат. (AiT)