Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:19

Иран: Орусиянын Хамадан аба базасын колдонуусу токтоду


Орусия учактары бомбалаган жер.
Орусия учактары бомбалаган жер.

Бул тууралуу Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Бахрам Гасеми 22-августта маалымат жыйынында билдирди.

- Алар бул операцияны жүргүзүштү жана ал азыркы мезгилге карай аяктады,- деп айтты Гасеми.

Расмий өкүл Орусия аскердик базаны убактылуу пайдаланганын кошумчалады. Ага чейин Ирандын коргоо министри Орусиянын Сириядагы операциясын жүргүзүүдө Иран базасын пайдалануу боюнча маалыматтарды чыгарып ийишин “мактанчаактык” катары баалаган эле.

- Орустар өздөрүн ири держава катары көрсөткүсү келүүдө,- деп билдирген министр Хоссейин Дехкан 22-августта Иран телеканалдары аркылуу. (AiT)

XS
SM
MD
LG