Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:27

Алмалуу-Булактын жашоочулары коопсуз жерге көчүрүүнү талап кылышууда


Алмалуу-Булактагы жер көчкү, 27-апрель, 2016-жыл.
Алмалуу-Булактагы жер көчкү, 27-апрель, 2016-жыл.

Жазында жер көчүп, 15 жаштагы өспүрүм баланын өмүрүн алып кеткен айылдын тургундары мамлекет тарабынан берилген убадалар аткарылбай жатканына нааразы. Алмалуу-Булак айлынын тургуну, айылдык кеңештин депутаты Касымбек Токтоматовдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, табигый кырсыктан соң, айылдын жашоочуларына коопсуз жерден турак-жай курууга жер тилкесин жана үстөк пайызсыз насыя берилери убада кылынган:

-Айтылган сөз сөз боюнча калды. Же акчадан, же жер тилкесинен жок. Электр жарыгын өчүрүп коюшту. Быйылкы окуу жылында мектебибизди да жаап, 150дөй баланы 50 чакырым аралыктагы башка айылдын мектебине барып окусун деп атышат.

Алмалуу-Булактын тургундары 23-августта ӨКМдин облустук башкармалыгына жана Сузак райондук акимчилигинин алдына митингге чыгышмакчы.

ӨКМдин облустук башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Абдишарип Бекиловдун айтуусунда, алмалуубулактыктарга коопсуз жерден жер бөлүнгөн, бирок ал жерди мыйзамдуу түрдө трансформациялоо маселеси чечилбей келе жатат.

27-апрелде Сузактын Алмалуу-Булак айылында жети үйдү көчкү басып калып, он беш жаштагы өспүрүм Урмат уулу Эрлан каза тапкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG