Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:22

Меркель, Олланд жана Ренци Евробиримдиктин көйгөйлөрү тууралуу сүйлөштү


Франция, Германия, Италия лидерлери.
Франция, Германия, Италия лидерлери.

Германия, Франция жана Италиянын лидерлери 22-августта жолугушуп, миграция саясатындагы жана экономикалык кыйынчылыктар тууралуу сүйлөштү. Журналисттер менен болгон жолугушууда Франсуа Олланд Европа улутчулдукка каршы бирдиктүү фронт катары чыгуусу зарылдыгын белгиледи. Маттео Ренци Евробиримдик коргоо, коопсуздук жана экономикалык өсүшкө байланыштуу маселелерди чечүүгө тийиштигин айтып, негизги көңүлдү жаштардын жумушсуздугуна бурууга чакырды.

Лидерлердин жолугушуусу Неаполго жакын жердеги Вентотене аралында болду. Бул аралда Экинчи дүйнөлүк согуш убагында “Вентотене манифести” жазылган. Бул манифесттин авторлору келечек муунду согуштардын алдын алуу үчүн бирдиктүү Европаны курууга чакырган.

XS
SM
MD
LG