Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:54

Бишкекте Үркүн темасындагы 16 сүрөт оңдолгондон кийин көргөзмөгө коюлат


Семён Чуйковдун "1916-жылкы көтөрүлүш" деген сүрөтүнүн репродукциясы.
Семён Чуйковдун "1916-жылкы көтөрүлүш" деген сүрөтүнүн репродукциясы.

Алар - 1936-жылы Үркүндүн 20 жылдыгына арналып өткөрүлгөн сүрөт көргөзмөгө коюлган сүрөттөр. Тарых жана маданият жылына карата президенттик фонддон 1936-жылы Үркүн темасындагы көргөзмөгө коюлган 16 сүрөттү оңдоо үчүн атайын каражат бөлүнгөн. Алардын ичинде Семен Чуйковдун “Кытайга качуу”, “1916-жылдагы кыргыз көтөрүлүшү”, Сергей Образцовдун “Кытайга жол”, “Кутум” жана Гапар Айтиевдин “Байдын колундагы мандикер” деген аталыштагы сүрөттөрү бар.

Үркүндүн 100 жылдыгына карата “Үркүн” деп аталган сүрөт көргөзмө Улуттук көркөм өнөр жана сүрөт музейинде 2-сентябрдан тарта башталат. Оңдолгон сүрөттөр бул көргөзмөдө көрүүчүлөрдүн сынына коюлат. “Үркүн” сүрөт көргөзмөсүн сүрөтчү Юристан Шыгаевдин “Бабаларды эскерүү” деп аталган көргөзмөсү коштойт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG