Кыргызстандагы мектептер окуу китептер менен 79,6% гана камсыз болгону жөнүндө 22-августтагы өкмөттүк жыйында айтылды. Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков бул жетишсиздикти жоюу үчүн зарылчылык болсо окуу китептерин мурунку жылдардагыдай ижарага берүүнү сунуштады.
Жыйындын аягында өкмөт башчы окуу китептерин ижарага берүү механизмин 15-октябрга чейин сунуштоону тапшырды.
Вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева окуу китептерин ижаралоо камсыздоодогу эң арзан жана жеткиликтүү ыкма деп белгилеп, китеп чыгарууга көмөктөшүүчү донорлордун койгон шарты да окуу китептерин ижарага берүү системасын кайрадан жандандыруу болуп жатканын билдирди.
Кыргызстандын мектептеринде окуу китептерди ижарага берүү 2005-жылы токтотулган.(ZKo)