Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:28

Ак үй алдында “Боткону чалбагыла!” аттуу акция өттү


Конституцияны өзгөртүүгө каршы пикеттердин бири.
Конституцияны өзгөртүүгө каршы пикеттердин бири.

Бул тууралуу жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров “Азаттыкка” билдирди. Ал бүгүн Акүй алдына нааразылык акциясына чыгып, Конституцияны өзгөртүү демилгесине каршы чыкты. Колуна “Боткону чалбагыла!”, “Конституцияны өзгөртүүгө каршымын!” деген жазуулары бар плакаттарды кармаган Токтонасыров имараттын алдында нааразылыгын боткону кашыктап жеп билдирди.

Өндүрүш Токтонасыров анын нааразылык билдирүүсүнө Акүйдөн эч бир өкүл чыкпаганын айтып, бир гана милиция кызматкерлери аны курчап, узатканын кошумчалады.

Өткөн айда парламенттеги бир катар фракциялар Конституцияны өзгөртүүгө макулдугун беришип, бул өзгөртүүлөр бийлик бутактарынын ортосунда тең салмакты орнотуп, өкмөткө көбүрөөк ыйгарым укук берерин билдиришкен. Бирок жарандык коом бул өзгөртүүлөр президенттин ыйгарым укуктарын күчөтүп, анын бийликти көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүгүн арттырат деп каршы чыгып келатышат.

XS
SM
MD
LG