ИИМдин басма сөз кызматы маалымдагандай, “арзан турак-жай куруп берем” деп убада берген Нурлан Асановго карата Бишкек шаардык Свердлов районунун соту камакка алуу чечимин чыгарды. Буга чейин ага кылмыш иши козголгону тууралуу ички иштер бөлүмү кабарлаган.
Асанов 1 млн 31 миң сомду мыйзамсыз сарптаган деп айыпталууда. Маалыматка ылайык, 29-июль күнү анын үстүнөн Кесиптик кошуундар бирикмеси арыз менен кайрылып, жоопко тартууну өтүнгөн. Арыз ээсинин ырасташынча, Нурлан Асанов өзүнүн автоунааларын кайра эле өзү ижарага алган, ал үчүн ай сайын Кесиптик кошуундар бирикмесинен 1000 доллардан сарптап турган. Ошентип 2013-жылдын сентябрынан бери бирикменин 1 млн 31 миң сом акчасы жок кылынган.
Ошондой эле Нурлан Асановго карата Ленин РИИБ тарабынан “Алдамчылык” беренеси боюнча да кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө. Нурлан Асанов Бишкектен арзан үй алып берем деп акчаларын алып, бербей койгонун айтып ондон ашуун киши арызданып милицияга кайрылган.
“Арзан турак-жай” коалициясы 27-июлда Бишкекте митинг өткөрүп, элди арзан турак-жай менен камсыз кылууну талап кылган. Акциянын айрым катышуучуларын милиция коомдук тартипти бузду деген себеп менен кармап, төрт активист бир нече суткага камалган. Алардын катарында Нурлан Асанов да 4 суткага камалган. Айрым маалыматтар боюнча, ал 30-июль күнү Казакстанга чыгып кеткен. (SDz)