Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:08

Мектеп формалары боюнча маселени ата-энелер комитети чечет


Мектеп окуучулары, 1-сентябрь, 2015-жыл
Мектеп окуучулары, 1-сентябрь, 2015-жыл

Мектептерде милдеттүү форма кийүү эрежеси буга чейин иштеп келген тартибинде кала берет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

Окуучуларга өтө ачык жана түстүү кийим кийүүгө тыюу салынат. Ал эми көк, кара, күрөң кийимдерди кийүүгө уруксат берилет. Ошондой эле үстү ак, асты кара классикалык үлгүдөгү кийимдерди жана ак көйнөк менен кызыл чакмак юбка кийүү колдоого алынат.

Жалпысынан мектеп окуучуларынын кийиминин үлгүсүн тандоо былтыркыдай эле ата-энелер комитети өз ара макулдашып чечет. (SDz)

XS
SM
MD
LG