Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:48

КСДПнын депутаты Конституцияны өзгөртүүнүн автору ким экенин атай алган жок


Депутаттар Алмамбет Шыкмаматов (солдо), Марат Аманкулов (оңдо).
Депутаттар Алмамбет Шыкмаматов (солдо), Марат Аманкулов (оңдо).

Депутат Марат Аманкулов Конституцияга өзгөртүү киргизүү демилгесин колдой турганын билдирди. Ал өзгөртүүлөр Башмыйзамды бекемдеп, президент менен өкмөттүн ыйгарым укуктарынын чегин аныктай тургандыгын айтты.

Аманкулов премьер-министр депутаттык мандатын сактай ала турган жобону туура деп эсептерин, бул министрлер кабинетине туруктуулукту камсыз кыларын белгиледи. Бирок ал депутат Чолпон Жакупованын Конституцияга өзгөртүү киргизүүнүн автору ким деген суроосуна жооп таба алган жок. Ал өзү демилгечи эмес экендигин айтып, жыйынга конок катарында чакырылганын кошумчалады.

Жарандык коом өкүлдөрү мыйзам демилгечилеринин жыйынга келбей койгонуна нааразылык билдиришти. Бул жыйынга бүгүн Өмүрбек Текебаевден башка Жогорку Кеңештин фракция лидерлери келген жок. (AzK)

XS
SM
MD
LG