Линктер

жума, 23-июнь, 2017 Бишкек убактысы 08:12

Италияда күчү алты баллдан ашкан жер титирөө болду


Аматриче шаары

Италияда катуу жер титирөө алдын ала маалыматтарга караганда кеминде 10 адамдын өмүрүн алды. Өлкөнүн борбордук бөлүгүндө бүгүн таңга жуук күчү 6,2 баллга жеткен жер титирөө болуп, Аккумоли, Аматриче, Поста жана Аркуата-дель-Тронто шаарлары көптөгөн кыйроого учурады.

Жердин силкинүүсү борбор шаар Римде да байкалды.

Учурда куткаруучулар урандылардын астынан адамдарды издөө иштерин жүргүзүүдө.

2009-жылы Италиянын Л'Акуила шаарындагы жер титирөө 300дөн ашуун адамдын өмүрүн алган. (RK)

XS
SM
MD
LG