Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:49

Түркия Сириянын Жераблус шаарында операция баштады


Сирия менен чек арага жакын жайгашкан түрк аскерлери. 23-август, 2016-жыл
Сирия менен чек арага жакын жайгашкан түрк аскерлери. 23-август, 2016-жыл

Операциянын максаты Жераблус шаарын “Ислам мамлекети” деп аталган террордук уюмдун жоочуларынан тазалоо экени кабарланды. 24-августта эртең менен Түркия артиллериясы чек арага жакын Жераблус шаарын аткылоого, аскерий учактары болсо бомбалоого киришти. Андан кийин жөө аскерлердин кирүүсү күтүлүүдө.

Операциянын башталышы АКШнын вице-президенти Жо Байдендин Түркияга сапары башталган күнгө туш келүүдө. Байден 15-июлдагы Түркиядагы төңкөрүш аракетинен кийин келген АКШнын эң жогорку даражалуу өкүлү болмокчу.

Түркиянын өкмөтү тараткан билдирүүдө “Түркия аскерлери жана эл аралык коалициянын аба күчтөрү Алеппо провинциясына караштуу Жераблус шаарын Даиш террордук уюмунан тазалоо операциясын башташты” деп кабарланды. Операция Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт ЧавушоглуТүркиянын Сирия менен чектеш аймактары “толук тазаланыш” керек деген билдирүүсүнөн бир күндөн кийин башталды. Министрдин билдирүүсү 20-августта чек арага жакын Түркиянын Газиантеп шаарында болгон теракттан кийин чыкты. Тойдо жасалган ал терактта 54 киши өлгөн эле. (AiT)

XS
SM
MD
LG