Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:15

Иран социалдык түйүндөрдүн колдонуучуларына эскертүү берди


Тегеран
Тегеран

Иран ислам ыңкылабын коргоо корпусу акыркы жумада социалдык-медиа түйүндүн 450 админстраторун кармап, эскертүү бергенин кабарлады. Маалымат 23-августта корпусттун кибер колу саналган Cherdab мекемесинин веб-сайтына илинди. Кармалган адамдар Телеграмма медиа-түйүнүн пайдаланып, моралга сыйбаган маалыматтарды тараткан деп айыпталды. Иран ислам ыңклабын коргоо корпусу кармалгандардын кээ бирлери сот алдында жооп берерин билдирди.

Cherdab сайтында социалдык тармактардын колдонуучулары диний ынанымдарды мазактаган, мода жаатында мыйзамсыз аракеттерди жасаган деп белгиленген. Бир нече адам баш кийимсиз аялдардын сүрөтүн койгону үчүн кармалган. Бул кармоолор Иранда катаал линияны кармагандар менен жумшагыраак болууну каалагандар ортосундагы чоң маданий күрөш экени айтылууда.

Ирандагы 80 миллион калктын жарымы социалдык түйүндөрдү колдонот. Бир эле Телеграмманын 20 миллиондон ашуун колдонуучусу бар. (AiT)

XS
SM
MD
LG