Баткен: Чек арадагы ынтымак
Баткен районунун Тажикстан менен чектеш айылдарында эки элдин достугун бекемдеген салтанаттуу жолугушуулар өттү. Ага эки өлкөнүнүн бийлик өкүлдөрү менен чек аралаш айылдардын тургундары жана дин кызматкерлери катышты. Жаштар ортосунда спорттук мелдештер уюштурулуп, ынтымакка үгүттөгөн каада-салттар менен көргөзмө, оюн-зооктор коюлду. Качан гана чыр чыкканда эмес, тынч учурда да жолугушуп туруу достукту бекемдейт дешет демилгечилер.
Чыгарылыштар
-
Октябрь 06, 2026“Үч кыргыз жараны жараат алып, ооруканага түшкөн”
-
Октябрь 02, 2026Иликтөө: Өкмөт бекер баскан китептер кантип базарга түшкөн?
-
Сентябрь 17, 2026Анар-Бак: "Жер деп жүрүп оорукчан болуп калдык"
-
Сентябрь 16, 2026"Мектепте жок китеп базарда турат"