Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:39

Орусиялык улутчул акча адалдоо боюнча айыпталды


Москванын Мешанский райондук соту тыюу салынган “Русские” аттуу улутчул кыймылынын лидери Александр Поткинди улуттар аралык кастыкты козуткан, экстремизм Казакстандын БТА банкынын аманатчыларынын уурдалган акчасын адалдоо боюнча айыптуу деп таап, 7.5 жылга кести. Ошондой эле банктын ага карата койгон 4.9 млрд. рубль доосун да канааттандырды. Александр Поткин Францияда камакта отурган казакстандык олигарх Мухтар Аблязовдун өнөгү болуп саналат. Поткин 2014-жылы БТА банкты талап-тоноого байланыштуу кармалган. Ал айыптоолорду четке кагып, анын саясатка байланышканын билдирүүдө. Казакстан Мухтар Аблязовду Франциядан өткөрүп алууга аракет жасап келатат. (AiT)

XS
SM
MD
LG