Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:43

“Бийликти узурпациялоого жол жок” кыймылы жыйынга чогулат


Конституцияга өзгөртүүлөрдү талкуулаган жыйын. 2-август, 2016-жыл.
Конституцияга өзгөртүүлөрдү талкуулаган жыйын. 2-август, 2016-жыл.

Жыйынга Башмыйзамды өзгөртүүнү демилгелеп жаткан жана ага каршы чыгып жаткан фракциялардын лидерлери, жарандык активисттер чакырылган. "Тегерек үстөлдүн" уюштуруучулары Конституцияны өзгөртүү демилгеси менен бийлик өлкөдөгү туруктуулукту бузуп жатканын эскертүүдө.

Жыйындын долбоор резолюциясында Башмыйзамга тийишпей өкмөт менен парламент сот жана тартип коргоо тармагын, саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармагын реформалап, мамлекеттик бюрократиялык аппаратты кыскартса жакшы болмок деген пикир айтылат.

Ошондой эле "тегерек үстөлдүн" уюштуруучулары бардык активисттерди, саясатчыларды жана коомдук ишмерлерди азыркы Башмыйзамды коргоп калууга чакырган.

“Бийликти узурпациялоого жол жок” кыймылынын Башмыйзамды өзгөртүүгө арналган жыйыны 25-августта Бишкекте, “Ак кеме” мейманканасында өтөт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG