Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:58

Укук коргоочулар Азербайжанда Фаиг Амирлинин камалышына нааразылык билдиришти


Фаиг Амирли
Фаиг Амирли

“Чек арасыз кабарчылар” уюму 24-августтагы билдирүүсүндө Азербайжандагы “Элдик фронттун” лидери Фаиг Амирлиге тагылган “күлкү келтирерлик” айыптоолорду алып салууга бийликти чакырды. Фаиг Амирли Azadlig басылмасынын каржы директору да болуп саналат. Ал “диний кастыкты козуткан” жана “диний салттарды жайылтуу сунушу менен адам укугун бузду” деген айып менен үч айга камалган. “Эрдоган бийлиги тарабынан жарыяланган “гүленчилерге аңчылыкты” илип алып, азери бийлиги өзүнүн оппоненттерин репрессиялоого өтө осол жолду тандап алышты” деп билдирди уюмдун Чыгыш Европа жана Борбор Азия бөлүмүнүн башчысы Йоханн Бир.

Азербайжан полициясы Амирлинин үйүнөн диний ишмер Фетхуллах Гүлендин китептери табылганын билдирүүдө. Фаиг өзү гүленчилерге тиешеси жоктугун айтып келет.

XS
SM
MD
LG