Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгынын билдиришинче, бул мамлекеттерден миңге жакын спортчу келери күтүлүүдө.
Оюнга катышарын расмий түрдө Азербайжан, Аргентина, Армения, Бангладеш, Беларус, Бенин, Ботсвана, Бразилия, Венгрия, Гватемала, Германия, Грузия, Замбия, Зимбабве, Израиль, Индия, Индонезия, Иран, Исландия, Италия, Казакстан, Канада, Кытай, Колумбия, Конго, Латвия, Литва, Мадагаскар, Молдавия, Монголия, Нидерланды, Пакистан, Польша, Орусия (Башкортостан, Карачай-Черкесия, Краснояр крайы, Свердлов облусу, Татарстан, Хакасия, Челябинск облусу), Свазиленд, Сербия, Словакия, АКШ, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия, Өзбекстан, Украина, Уругвай, Филиппины, Финляндия, Чехия, Швейцария, Шри-Ланка, Эстония, Түштүк Корея, Түштүк Африка Республикасы жана Жапония ырастады.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 3-8-сентябрда Ысык-Көлдө болот. Мелдеш спорттун 23 түрүнөн өтөт.(AzK)