Экс-депутат Нурлан Төрөбековдун каза болгонун Жогорку Кеңештен кабарлашты. Маалыматка караганда, ал бир аптадан бери ооруканада кант диабети жана башка оорулары менен дарыланып жаткан.
Нурлан Төрөбеков 1969-жылы 24-февралда Фрунзе шаарында төрөлгөн. 2004-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин “юриспруденция” адистиги боюнча бүтүргөн.
1987-1989-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп, 1988-1989-жылдары Ооганстандын аймагындагы согуштук аракеттерге катышкан.
Ал 1992-1995-жылдары ишкердик иш менен алектенип, 1995-жылдын декабрынан тартып Ооганстандагы согуштун ардагерлеринин республикалык кеңешинин төрагасы болгон.
2010-жылдын октябрында “Ар-намыс” саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. (AzK)