Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:27

Эгемендик майрамында башкаруусуз аппараттарды учурууга тыюу салынат


Эгемендик күнү.
Эгемендик күнү.

Мындай тыюу аскердик парадга байланыштуу салынууда. Башкы штабдын маалыматы боюнча, 31-август күнү "Ала-Тоо" аянтында саат 9:00-12:00 учкучсуз аппараттарды учурууга тыюу салынат. Анткени алар аскер парадында учуп чыгуучу аскер аба күчтөрүнө жолтоо болушу ыктымал. Ошондой эле параддын катышуучуларынын жана көрүүчүлөрдүн өмүрүнө коркунуч жаратуусу мүмкүн.

Уруксатсыз учурулган аппараттар тартип коргоо органдары тарабынан алынып коюларын эскерткен Башкы штаб Эгемендикти майрамдоодо коопсуздуктун бардык талаптарын аткарууга чакырууда.

31-август күнү Эгемендиктин 25 жылдыгына арналган салтанатта көрсөтүлүүчү аскер парадына 1500ден ашуун аскер кызматкерлери, жүзгө чукул аскер техникалары жана аба күчтөрү катышат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG