Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:29

Криштиану Роналду Европанын мыкты оюнчусу аталды


Криштиану Роналду.
Криштиану Роналду.

Чемпиондор лигасынын жана Европанын учурдагы футбол боюнча жеңүүчүсү Криштиану Роналду УЕФАнын мыкты футболчусу аталды. Бул тууралуу УЕФАнын расмий сайты кабарлады.

Ал жалпы добуш берүүдө өзүнүн клубдашы Гарет Бейл жана “Атлетиконун” футболчусу Антуан Гризманнды ашып өткөн.

Буга чейин Роналду 2013/14 жылдагы сезондо да Европанын мыктысы аталган. Быйыл ал Мадриддик “Реалдын” катарында УЕФАнын Чемпиондор лигасын утуп алган, андан көп өтпөй жайында Португалиянын курамында Евро-2016 чемпионатын жеңип алды.

“Бул мен үчүн чоң сыймык. Бул жыл мен үчүн фантастикалуу болду, колумдагы сыйлыгым үчүн “Реалдагы” жана Португалиядагы оюнчуларга ыраазычылык билдирем” – деди Роналду.

XS
SM
MD
LG