Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:27

Милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат


Ички иштер кызматкерлери.
Ички иштер кызматкерлери.

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздукту сактоо башкармалыгынын башчысы Сапар Асаналиев “Азаттыкка” билдирди. Ага ылайык өзгөчө маанидеги автобекеттер, коомдук жайлар бекем кайтарууга алынат. Милиция экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары аяктаганга чейин күчөтүлгөн тартипте иштейт.

Асаналиев ушул тапта 9 миңге чукул адам коомдук тартипти сактоо үчүн кызмат кыларын билдирди. Ал үчүн милициядан тышкары элдик кошуун жана милиция ардагерлери жардамдашмакчы.

Ал эми Бишкек шаарында 2,5 миңдей милиция күчөтүлгөн тартипте иштөөдө. Бишкек ШИИББнын маалымат кызматынын өкүлү Олжобай Казабаевдин айтуусунда, эгемендүүлүк майрамы жана көчмөндөр оюндарынын алкагында коомдук тартипти сактоо иретинде милиция эл көп жүргөн жерлерди өзгөчө көзөмөлгө алууда. (SDz)

XS
SM
MD
LG