Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:16

«Улуттар биримдиги» Конституцияны өзгөртүүгө каршылыгын билдирди


Акүй алдындагы пикет.
Акүй алдындагы пикет.

Аталган саясый партия Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча жүрүп жаткан иш-аракеттер жалпы жумурай журттун кызыкчылыктарына жооп бербестигин белгилеп, аны саясий оюндар жана көз боёмочулук катары баалады. “Эгерде бул иш-аракеттер ишке ашырыла турган болсо, анда Кыргызстан элин дагы бир «көңүл калуу» күтүп турат. Ал эми референдумдун кыска убакытта жана президенттик шайлоого аз калганда шашылыш өткөрүлүшүнөн анын эл кызыкчылыктарына каршы багытталганын көрүүгө болот,” – деп жазылган саясый партиянын кайрылуусунда.

“Улуттар биримдиги” партиясы "азыркы иштеп жаткан Конституцияга бир гана жөнөкөй эл өзгөртүүлөрдү киргизе аларын белгилөө менен, коомдук талкуулардын процессин баштоо мезгили келип жетти," - деп эсептейт.

Кыргызстанда Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгесине парламенттеги беш фракциядан башка бардык партия жана саясый күчтөр каршылыгын билдирип келатат. Ошол эле учурда Баш мыйзамды өзгөртүү демилгесин көтөрүп чыккандар жаңы долбоор өкмөттүн укугун кеңейтип, бийлик бутактарында тең салмактуулук орношуна шарт түзөт деп ишендирүүдө. (SDz)

XS
SM
MD
LG