Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:57

Аксы: Үңкүр-Тоону коргоо комитети митинг өткөрүүгө каршы


Аксыдагы жыйын. 22-март, 2016-жыл.
Аксыдагы жыйын. 22-март, 2016-жыл.

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Үңкүр-Тоону коргоо комитети 27-августта Кербен шаарында кыргыз-өзбек чек арасындагы талаштуу жер боюнча митингдин өтүшүнө каршы. Аталган уюмдун өкүлү Шекербек Камчыбек уулунун “Азаттыкка” билдиришинче, мындай нааразылык акциялар пайда алып келбей, тескерисинче кесепети тийип калышы ыктымал:

-Эл дүрбөп кетсе, биздин бийлик аларды тынчытуу үчүн Өзбекстандын айрым бир талаптарын аткарып коюшу мүмкүн. Биз бул маселенин дипломатиялык жол менен гана чечилишин күтүп турабыз. Ар кандай чагымга алдырбай, жагдай сүйлөшүү жолу менен жөнгө салынсын деп жатабыз. Бул деген биздин бийликтин сөзүн сүйлөп же бийликтен коркуп калганыбызды билдирбейт. Биз болгону азыр митингдердин пайдасыз экенине көзүбүз жеткендиктен ушундай чечимге келдик. Азыр Өзбекстанда төрт жараныбыз кармалып турат, аларды мүмкүн болушунча тез арада бошотуп алганга аракет жасашыбыз керек.

Буга чейин оппозициячыл саясатчы Азимбек Бекназаров 27-августта Үңкүр-Тоого байланышкан маселелерди чечүү жана Өзбекстан кармап кеткен жарандарды бошотуу талабы менен митинг өтөрүн “Азаттыкка” билдирген эле.(EBM)

XS
SM
MD
LG