Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:09

Ысык-Көл ТВнын жамааты жетекчиге нааразы


Ысык-Көл облустук телерадио компаниясынын жамааты өз жетекчиси Калыбек Тайтекеев коррупциялык иштерге аралашып жатат деген кайрылуу менен чыгышты. Бул тууралуу "Азаттыкка" телерадио компаниянын кызматкерлери билдиришти. Алардын айтымында, өткөн жылдагы парламенттик шайлоодо талапкерлер тарабынан эфирдик убакыт үчүн төлөнгөн акча жең ичинен бөлүнүп кеткен. Андан сырткары жалпы жамааттан 1000 сомдон жыйнап, бул каражат Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Маалымат департаментине берилерин айткан.

Учурда облустук ТВнын жамааты шайлоо учурунда үнөмдөлгөн 1 миллион сомдун дайыны ачык көрсөтүлүшүн жана жамааттан чогулган акчанын кайтарылышын талап кылууда. Жетекчини коррупциялык иштерге аралашты деген 19 кишинин колу коюлган кат УКМКнын Ысык-Көл облустук башкы башкармалыгына жолдонду.

Тайтекеев азырынча бул дооматтарга жооп берүүгө даяр эместигин “Азаттыкка” билдирди. Ал 2009-жылдан бери телерадио компанияны жетектеп келет. Ысык-Көл облустук телерадио компаниясында 36 киши эмгектенет. (AsM)

XS
SM
MD
LG