Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:32

Жеңишбек Ысманов: Мен Кыргызстанга күч-кубат алыш үчүн келем


Жеңишбек Ысманов: Мен Кыргызстанга күч-кубат алыш үчүн келем
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:41 0:00

Опера ырчысы Жеңишбек Ысманов жети жылдан бери Италиянын театрларында классикалык чыгармаларды аткарып келет. Ал 2000-жылы орто мектепти аяктап, Бишкектеги улуттук филармониянын эки жылдык студиясынан окуган. Улуттук опера жана балет театрында ырчы болуп иштеп жургөндө Санкт-Петербург шаарындагы кароо-сынакка катышып, ал жерден италиялык мыкты устат Николо Мартинуччинин көңүлүнө түшөт. Ошондон бери Италиянын Таранто шаарында Мартинуччиден таалим алып, учурда Туриндеги Реджио, Палермодогу Массимо, Венециядагы Ла Фениче театрларында дүйнөлүк опералардагы башкы партияларды жогорку чеберчиликте аткарууга жетишти. Мекендешибиз учурда Кыргызстанда эс алып жүрөт.

XS
SM
MD
LG