Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:35

Сириянын Дарайя шаарынан жай тургундар чыгарыла баштады


Сириянын Дарайя шаары
Сириянын Дарайя шаары

Сирия оппозициясынын куралдуу топторунун өкүлдөрүн жана алардын үй-бүлөлөрүн курчоого алынган Дарайя шаарынан эвакуациялоо аракеттери башталды. Бул тууралуу Сириянын мамлекеттик САНА агенттиги жана батыш маалымат каражаттары жазып чыгышты. Элди көчүрүү боюнча макулдашуу Сирия өкмөтү менен оппозициянын ортосунда 25-августта түзүлгөн. Ага ылайык, жай тургундар менен козголоңчулар Кызыл жарым ай коомунун Тез жардам автоунааларынын коштоосунда чыгарылууда.

Жай тургундар Дамаск шаарынын чет жактарындагы райондорго, ал эми 700дөн ашык куралчан козголоңчулар оппозиция көзөмөлдөгөн Идлиб провинциясына жайгаштырыла турганын Сирия өкмөтү жарыялады. Ар кандай эсептер боюнча, шаарда төрт миңден сегиз миңге чейин эл бар. Анын миңге чукулу куралдуу козголоңчулар.

Сирия армиясы Дамасктан анча алыс эмес аралыкта жайгашкан Дарайя шаарын 2012-жылы курчоого алган.

XS
SM
MD
LG