Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:57

Аксы: Бекназаров бийликти чек ара маселесин чечүүгө чакырды


Кербендеги митинг
Кербендеги митинг

Бул тууралуу саясатчы Азимбек Бекназаров Аксыдагы митинг учурунда билдирди. Ал өлкө жетекчилигин саясатты токтотуп, биригүүгө, чек ара маселесин чечүүгө чакырды:

- Биз элди тынчтыкка, ал эми саясатчыларды биримдикке чакырабыз. Бийлик бүгүн өзү саясатташып, мени жана башка саясатчыларды Үңкүр-Тоого байланыштуу каралап жатат. Алардын айткандары чындыкка жатпайт. Мен 2005-жылы бир жылга жетпеген убакыт гана башкы прокурор болгом, - деди Бекназаров.

Ошондой эле учурда чек ара боюнча эч бир маселе чечиле электигин, бул багытта эл аралык деңгээлде сүйлөшүүлөр зарылдыгын кошумчалады.

Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев Үңкүр-Тоого байланыштуу чырлуу жагдайга мурунку бийлик күнөөлүү экенин жарыялаган.

24-августта өзүнүн аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы менен тышкы иштер министрин кабыл алган учурда чек арадагы тактала элек жерлерди экс-президенттер, ошол кездеги кызмат адамдары коңшулардыкы деп тааныган фактылар чыгып жатканын, алардын кээ бирин өзү деле эми билгенин маалымдаган.

Мындан улам өкмөткө бардык эл аралык, өзгөчө чек ара боюнча макулдашуу, келишим, протокол, меморандумдарды текшерип чыгууну тапшырган болчу.

Азыркы тапта кыргыз-өзбек чек арасындагы Үңкүр-Тоо аймагы боюнча маселе жаралып, эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Өзбекстан 22-августта кармап кеткен Үңкүр-Тоодогу радиорелейлик станцияда иштеген төрт кыргызстандык мекенине кайтарыла элек.

Буга байланыштуу бүгүн Кербен шаарында 100дөн ашык адам катышкан митинг өтүүдө. (NT/RsK)

XS
SM
MD
LG