Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:52

Орусия: өрттөн каза тапкандардын баары КМШ жарандары


Орусиянын мамлекеттик "Россия 24" телеканалы Москванын Алтуфьев шоссесинде чыккан өрттүн курмандыктары он жетиге жеткенин кабарлады. Маалыматка караганда, ооруканага оор абалда жеткирилген төрт жарандын бири каза тапкан. Калган үчөө реанимацияда.

Башка маалыматтарда жалпысы он алты адам каза тапканы айтылууда.

Укук коргоо органдары окуя боюнча өрт коопсуздугунун эрежелери сакталбаган деген негизде кылмыш ишин козгоду. Тергөө өрткө бир нече версия себеп болгонун айтууда. Техникалык мүчүлүштүк же болбосо атайын өрт коюлушу мүмкүн деген божомол да каралууда.

"Россия 24" каналынын билдиришинче, каза тапкандардын баары КМШ жарандары болушу ыктымал. Алардын экөө Өзбекстандын, сегизи Кыргызстандын атуулдары деген маалымат чыкты. Азыр бул кабар жана каза тапкандардын аты-жөнү такталууда. Өрттөн 12 адам куткарылды. Бүгүн эртең менен "Печатный экспресс" басмаканасына таандык кампада өрт чыккан. Натыйжада тилсиз жоо төрт кабаттуу турак жайдын баарына тараган. Аны өчүрүүгө төрт сааттан ашык убакыт кетти.

Басмаканада иштеген кыргызстандык жаран Белек өрт эртең менен саат 7 жарымдар чамасы болгонун "Азаттыкка" кабарлап, каза тапкандар уктаган абалында түтүнгө ууланып калган деген маалыматты төгүндөдү. Анын айтымында, ишканада күн сайын 8де жумушчулар кезек алмашат. Бүгүнкү өрт жана түтүн өтө тездик менен тарагандыктан имараттын ичиндегилер чыкканга үлгүрбөй калышкан.

Быйыл 30-январда да Москвадагы тигүү цехтердин биринде өрт чыгып 12 адам каза болгон. Алардын сегизи кыргызстандыктар, экөө орус жарандыгын алган кыргыздар, дагы экөө өзбек жарандары эле. (NT)

XS
SM
MD
LG