Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:59

Бишкек-Ош жолундагы автокырсык тогуз адамдын өмүрүн алды

Чүй облусунун Жайыл районунда 27-августта түштө катталган жол кырсыгынан тогуз адамдын өмүрү кыйылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен "Азаттык" радиосуна билдиришкендей, жол кырсыгынан бир адам жаракат алды. Окуя бүгүн Бишкек-Ош каттамынын 178-чакырымында болгон. «Фольксваген-Пассат» жана «Мицубиси Лансер» автоунаалары кагылышкан. Алардын ичиндеги сегиз адам кырсык болгон жерде, бирөө ооруканага жетпей каза болгон. Азыр жол кырсыгынын курмандыктарынын аты-жөнү такталууда. 

XS
SM
MD
LG