Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:07

Москвада өрттө каза тапкан кыргызстандыктардын саны он бешке жетти


Өрт чалган имараттын жанында
Өрт чалган имараттын жанында

Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги жана ИИМдин Москвадагы өкүлү азыр окуя болгон жерде орус укук коргоо органдары менен биргеликте иштеп жатышат. Каза тапкандардын аты-жөнү такталууда.

Өрт бүгүн эртең менен "Печатный экспресс" басмаканасына таандык кампада чыгып, биринчи кабаттан лифттин шахтасы аркылуу төртүнчү кабатка чейин тарап, ал жакта жумушка келип кезек алмашып жаткандар калып калган. Өрттү өчүрүүгө төрт сааттан ашык убакыт кетти.​

Тилсиз жоодон жалпы он жети адамдын өмүрү кыйылды, анын он беши кыргызстандыктар.

XS
SM
MD
LG