Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:56

Трамп мыйзамсыз мигранттарды өлкөдөн чыгарарын билдирди


United States - U.S. Republican presidential candidate Donald Trump speaking in Youngstown, Ohio. AP
United States - U.S. Republican presidential candidate Donald Trump speaking in Youngstown, Ohio. AP

Республикалык партиядан президенттикке талапкер Дональд Трамп шайлоодо жеңишке жетсе, АКШда мыйзамсыз жүргөн мигранттарды депортациялай турганын билдирди. Анын айтымында, 8-октябрга белгиленген шайлоодо жеңип чыкса дароо ушундай чечим кабыл алат.

“Биринчи күндөн ишимди кылмыштуу иммигранттарды чыгаруудан баштайм. Алардын арасында Обама-Клинтондун учурунда өлкөгө мыйзамсыз кирген жүз миңдеген мигранттар болот”-деп билдирди Трамп 27-августта Айовадагы жолугушууда.

Дональд Трамп буга чейин да мигранттарга карата эрежелерди катаалдантуу убадаларын берип келген. Ал өлкө чек араларына “бийик дубал” куруп, мыйзамсыз мигранттарды социалдык жеңилдиктерден ажырата турган программа иштеп чыгарын билдирген.

АКШда шайлоо 8-ноябрда өтөт. Демократтардан мурдагы мамлекеттик катчы Хиллар Клинтон, Республикачылардан миллиардер Доналдь Трамп ат салышууда.

XS
SM
MD
LG