Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:22

Түрк күчтөрүнүн Сириянын түндүгүнө жасаган чабуулунан 20дан ашык адам мерт кетти


Түркиянын Сириянын түндүгүндөгү аба соккуларынын 20дан ашык адам мерт кетти. Бул тууралуу Сириянын адам укуктары боюнча обсерваториясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, аба соккулары Жераблус шаарынын жанындагы айылдардын биринде сириялык күрт козголоңчулары ээлеген айылга урулган. Каза болгондор жергиликтүү тургундар жана күрт козголоңчул күчтөрүнүн мүчөлөрү болгон.

Бул окуя боюнча түрк бийликтери эч кандай маалымат тарата элек.

Түркия өз чек арасына жакын жайгашкан Сириянын Жераблус шаарында аскердик операциясын баштаган. Кийинчерээк түрк аскер күчтөрүнүн колдоосу менен Сириядагы оппозициячыл топтор Жераблус шаарын “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун согушкерлеринен тазалап, аймакты өз карамагына алганы кабарланган.

XS
SM
MD
LG