Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:14

Москвада каза тапкандардын сөөгүн алып келүү үчүн учак жөнөтүлдү


Өрттөн каза тапкандарды эскерүү учуру. 28-август, Москва
Өрттөн каза тапкандарды эскерүү учуру. 28-август, Москва

Москвада өрттөн каза тапкандардын сөөгүн алып келүү үчүн атайын учак жөнөтүлдү. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты. Маалыматка ылайык, атайын каттамдагы учак менен вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева баштаган жумушчу топ жөнөп кетти. Жумушчу топтун курамында өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Миграция кызматы жана башка мекемелердин өкүлдөрү кирген.

Каза болгондордун сөөгүн алып келүү, аларды акыркы сапарга узатуу боюнча чыгымдарды өкмөт көтөрөт.

XS
SM
MD
LG