Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:03

Роза Отунбаева Москвада өрттөн набыт кеткендердин жакындарына көңүл айтты


Роза Отунбаева
Роза Отунбаева

Москвадагы өрттөн набыт кеткендердин жакындарына экс-президент Роза Отунбаева көңүл айтты. Анда экс-президент "Кыргызстан бүгүнкү күнү күч-кубаты толуп турган, жайнаган курагындагы жаш адамдарынан айрылып турат. Бул трагедия бардыгыбыздын жүрөгүбүздү титиретти жана биздин коом баштан кечирип жаткан көйгөйлүү маселелердин комплексин ачыкка чыгарды” деп белгилеген.

Ошондой эле анда сыртта иштеп жүргөн кыргызстандык мигранттар өлкөнүн экономикасына гана эмес, Ата Журттун аброюн жогорулатууга да салым кошуп жатканы баса белгиленген.

Бул тууралуу “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунан “Азаттыкка” маалымдашты.

Роза Отунбаева апрель-июнь айлары 2010-жылы Убактылуу өкмөттү жетектеп, 26-июнда президент болуп шайланган. 2011-жылы президенттик кызматын өткөрүп берген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG