Мамлекеттик чек ара кызматынын акыркы маалыматтары боюнча, Үңкүр-Тоодогу телемунарадан өзбек күч кызматтары кармап кеткен төрт кызматкерди бошотуу боюнча сүйлөшүүлөр уланууда. Бирок азырынча натыйжасыз. Ал эми Өзбекстандык жети милиция кызматкери телемунара жайгашкан Үңкүр-Тоодо кала берүүдө.
Өзбекстан 22-августта Үңкүр-Тоодогу радиорелейлик станцияда иштеп жаткан төрт кыргыз жаранын кармап кеткен. Кийинчерээк расмий Ташкен Үңкүр-Тоодогу талаштуу аймак Өзбекстанга таандык деп жарыялаган.
Президент Алмазбек Атамбаев 27-августта чек арадагы кырдаал тууралуу маалымат алып, кыргыз-өзбек чек ара маселесин дипломатиялык жол менен чечүү аракеттери көрүлүшү керектигин табыштаган.
Ошол эле күнү Үңкүр-Тоо жайгашкан Аксыда митинг болуп, анын катышуучулары Үңкүр-Тоо маселесин тез арада мамлекеттин пайдасына чечүүнү жана станцияда иштеген кызматкерлерди бошотууну талап кылышкан.(ZKo)