Мындай чечим түрк өкмөтү тарабынан кабыл алынды. Ага ылайык, полиция аялдар берет же фуражканын алдынан ага түспөлдөш жоолук салына алышат.
Түрк полиция аялдарга жоолукчан жүрүүгө 1980-жылкы төңкөрүштөн кийин тыюу салынган эле. Антиклерикалдар жоолук өлкөдөгү диний консерватизмди символдоштурат деп эсептешет. Башкаруучу Ислам партиясы көп убакытка чейин мындан баш тартууга үндөп келген.
2010-жылы алгачкы жолу университеттерде, 2013-жылы мамлекеттик кызматкерлерге жоолукчан жүрүүгө уруксат берилген.