Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:14

Өзбекстанда кармалып турган төрт жаран бошотула элек


Үңкүр-Тоо.
Үңкүр-Тоо.

Мамлекеттик чек ара кызматынан "Азаттык" радиосуна билдиришкендей, өзбек милициясы кармап кеткен төрт кыргызстандыкты бошотуу боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр уланууда. Кыргызстандыктар дале Өзбекстандын Жаңы-Коргон райондук ички иштер бөлүмүндө кармалууда. Ал арада үй-бүлөлөрү, туугандары аларды бошотууну талап кылып жатышат. Өзбекстан кыргызстандыктар өз аймагында мыйзамсыз жүргөнү үчүн кармалганын жана өлкө мыйзамдарына ылайык жоопко тартыларын билдирген. Өткөн аптада Кыргызстандын ички иштер министрлиги бул боюнча "Адам уурдоо" беренесине ылайык кылмыш ишин козгоду.

22-августта Өзбекстан Үңкүр-Тоодогу тактала элек аймакка күтүүсүз кирип келип, он чакты милиция кызматкерин жайгаштырган. Ал жердеги телемунарада иштеген төрт жаранды кармап кеткен. Муну менен расмий Ташкен Ала-Букада мыйзамсыз кирип келгени үчүн кармалган өзбек милиция кызматкерин өткөрүп берүүнү, суу сактагычтын жанындагы кыргыз тарапка тиешелүү милиция бекеттерин алып салууну талап кылган. Кыргыз бийлиги кийинчерээк кармалып турган өзбек милициясын бошоткон. Бирок Ташкен Үңкүр-Тоодогу милиция кызматкерлерин тоодон алып кете элек. (NT)

XS
SM
MD
LG