Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:10

Нурлан Мотуев жети жылга абакка кесилди


Нурлан Мотуев.
Нурлан Мотуев.

Бишкектин Свердлов райондук соту Нурлан Мотуевди жети жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз катчысы Айнура Токтошева "Азаттык" радиосуна билдирди.

Быйыл 12-майда Мотуев "Элдик парламент" уюмунун жыйынына катышкан. Ошол эле күнү Улуттук коопсуздук комитетинин Тергөө башкармалыгы ага карата "терроризмге ачык чакыруу, терроризмди актоо" жана "улут, диний жана аймак аралык кастыкты козутуу" беренелери боюнча кылмыш иш козгоп, Мотуев 13-майда кармалган.

16-май күнү Биринчи Май райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, эки айлык мөөнөткө УКМКнын тергөө абагына камоо тууралуу чечим чыгарган. Кийинчерээк иш Свердлов райондук сотуна өткөн. (NT)

XS
SM
MD
LG