Алымбеков: Башмыйзамдан кемчилик издебейли
Парламенттин мурдагы депутаты, "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү Эркин Алымбеков бүгүн каза тапканы белгилүү болду. Алымбеков 1961-жылдын 5-ноябрында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Жаңы-Арык айылында туулган. Эки чакырылышта Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. 2014-жылдын февралында Эркин Алымбеков "Кумтөр" маселесине байланыштуу өкмөттүн токтомуна нааразылык билдирип, мандатын тапшырып, депутаттыктан кеткен. Соңку кездерде бийликтин Башмыйзамды өзгөртүү демилгесине кескин каршылык билдирип жүргөн болчу. Алымбековдун 24-августта Бишкекте бийлик, оппозиция жана жарандык коом биригип, Конституцияга өзгөртүү киргизүү маселесин талкуулаган учурдагы пикирин жарыяладык.
Чыгарылыштар
-
Август 02, 2026"ВИЧтин азабынан күйөөм менен ажыраштым"
-
Июль 28, 2026"Мадина" базары: соодагерлер муңу, мэриянын жообу