Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:10

Москва: өрттөн жабыркагандардын абалы туруктуу


Москвадагы өрттөн набыт болгондорду эскерүү.
Москвадагы өрттөн набыт болгондорду эскерүү.

"Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы билдиргендей, 27-августта өрт кырсыгынан катуу жабыркап ооруканада жаткан үч жарандын абалы туруктуу. Бүгүн алар жаткан ооруканага вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева баштаган өкмөттүк делегация өкүлдөрү барып, бейтаптардын абалынан кабар алды.

Кыргызстандык үч жаран Көлбай кызы Кызбурак, Исраил уулу Уларбек, Кадыржанов Нурмухамед азыр ооруканада.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги аларга керектүү жардам көрсөтүлүп жатканын кабарлады.

Москвада "Печатный экспресс" басмаканасына таандык имаратта 27-августта чыккан өрттөн ал жерде иштеген он жети адам набыт болду, анын он төртү кыргызстандык кыз-келиндер.

XS
SM
MD
LG