Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 18:50

Москва бийлиги мыйзамсыз салынган деген күркөлөрдү буздурууда. Бүгүнкү күнгө карата 90 павильонду мэрия экскаватор, тракторлор менен сүрдүрдү. Жалпысынан 107 объектти жок кылуу пландалган.

Шаар бийлиги бул күркөлөр метро станциясына жана шаардык коммуникацияларга өтө жакын жерге мыйзамсыз орнотулган деп эсептейт.

Быйыл февралда да 100гө жакын күркө буздурулган.

Мэр Сергей Собянин павильон ээлеринин нааразылыгына жооп берип, "митаамдык жолу аркылуу алган менчик тууралуу кагазды бетке кармабагыла" деп айткан. (RK)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG