Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:47

Бишкек-Ош каттамына 8 тонна күйүүчү май төгүлдү


28-августта Каракөл шаарында, Бишкек-Ош автожолунун 423-чакырымында күйүүчү май ташыган машине оодарылып кетип, АИ-80 үлгүсүндөгү сегиз тонна бензин жолго төгүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен "Азаттык" радиосуна билдиришкендей, Scania үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, кырсыкка учураган. Азыр айдоочунун абалы канааттандырарлык. Ал эми күйүүчү май төгүлгөн жолду өрт өчүрүүчүлөр жууп, бензин сууга куюлбаганы кабарланды. (NT)

XS
SM
MD
LG