30-августта түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 14 метрге жетет.
Абанын табы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +15...+20, күндүз 28...33,
Талас жергесинде түнкүсүн +10...+15, күндүз +26...+31,
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +16...+21, күндүз +28...+33,
Баткен облусунда түнкүсүн +15...+20, күндүз +28...+33,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +10...+15, күндүз +21...+26,
Нарын облусунда түнкүсүн +5...+10, күндүз +22...+27 градус болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын табы түнкүсүн +18...+20, күндүз +30...+32 градуска көтөрүлөт.