Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:59

Өзбекстан Кыргызстанга көңүл айтты


Кыргыз-өзбек желеги

Москвада өрттө набыт кеткен 14 кыргызстандык кыз-келиндин жана Бишкек-Ош жолундагы автокырсыкта каза тапкан тогуз кишинин өлүмүнө байланыштуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстанга көңүл айтты. Бул тууралуу Өзбек ТИМинин расмий сайтында жазылды. Маалыматка караганда, Ташкенттеги кыргыз элчилигинде ачылган “Көңүл айтуу китебине” Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсү катталды. Жогорудагы кайгылуу окуяларга байланыштуу Кыргызстанда 29-август – аза күтүү күнү деп расмий жарыяланган.

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG