Линктер

жума, 28-июль, 2017 Бишкек убактысы 17:00

Түркмөн президенти өлкө жетишкендигин дүйнө билбей жатат деп нааразы болду


Түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов өлкөнүн жетишкендиктерин пропагандалоо ишин күчөтүү талабын койду.

Өкмөттүк жыйында сүйлөп жатып ал өлкөнү таанылгыс кылып өзгөрткөн өзгөрүүлөр жүрүп, элдин жашоосу жакшырганын, жаңы шаарлар жана айылдар пайда болуп, көпүрө, аэропорт, мектеп, университеттер курулуп жатканын айтты.

Бирок, түркмөн президенти дүйнөдө мунун баарын жакшы билишпесин, жайылтуу ишин күчөтүү, чет өлкөлүк массалык маалымат каражаттары менен тыгыз байланыш түзүү керектигин билдирди. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG