Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:35

Бельгияда Криминология институтун өрттөдү деп шектелгендер кармалды


Брюсселде коопсуздук чаралары күчөтүлдү
Брюсселде коопсуздук чаралары күчөтүлдү

Бельгияда беш адам Брюсселдеги Криминология институтунун имаратына өрт койду деген шек менен кармалды. Окуя дүйшөмбүгө караган түнү болгон.

Кырсык чоң чыгым алып келди. Имараттын ичинде эч ким болбогондуктан адамдар жабыркаган жок.

Алгач жардыруу деп кабарланган, бирок кийин бул маалымат тастыкталган жок.

Полициянын алдын ала иликтөөсүнүн жыйынтыгына караганда, кеп уюшкан кылмыш тобунун амалы тууралуу жүрүп жатат, бирок теракт деген версия да четке кагылган жок.

Быйыл март айында Брюсселде аэропорттогу жана метродогу террордук чабуулдардан 30 адамдын өмүрү кыйылып, өлкөдө коопсуздук чаралары күчөтүлгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG